Кечээ, 12-августта Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттөн имараттын 850м² аянты күйүп, 1500м² аянты сакталып калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, тилсиз жоо 13-августка караган түнү саат 00:23тө чектөөгө алынып, 01:20да толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Эске салсак, кечээ түнкү саат 22:00 чамасында Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн ири өрт чыкканы кабарланган.