Бишкектеги Анкара көчөсүндө турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу аны куруп жаткан "Аалам Строй" курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-августта Анкара көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттөн кийин адистер текшерүү жасаган.
Комиссиянын чечими менен компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.
Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.