Бишкектеги Жибек Жолу көчөсүндө жаңы тротуар салынат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта шаардык мэриядан билдирди.
Ага ылайык, оңдоо иштери Махатма Ганди көчөсүнөн Ростовская көчөсүнө чейин башталды.
Жолдун түштүк тарабында эски асфальтты сыйруу, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу сыяктуу негизги иштер жыйынтыкталып, асфальт төшөө пландалууда.
Ал эми жолдун түндүк тарабында эски асфальтты сыйруу иши уланып, бордюр орнотууга даярдык жүрүүдө.