Токмокто кызматкерлердин акысын жеген деп мекеменин жетекчилигине иш козголду

Чүйдүн Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин жетекчилиги төрт майыптыгы бар адамды мыйзамсыз жумушка алып, алардын эмгек акысын дайыма өздөрүнө ыйгарып алып турушканы аныкталган.

"Мындан тышкары мекеменин жетекчилиги бюджеттик каражатты үнөмдөгөн эмес. 2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын июнуна чейинки мезгил аралыгында ай сайын бюджеттик каражаттардан айрым жетекчиликке жакын 16 гана кызматкерлерге 22 миң 500 сомдон 33 миң 750 сомго чейинки жалпы суммасы 13 миллион 865 миң 566 сом өлчөмүндө акчалай мыйзамсыз сый акы төлөнүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан