Ошто автомектептин мугалими пара алууга шектелип кармалды

Ош шаарында автомектептин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 1996-жылы туулган Т.А. аттуу Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 5-августта автомектепте мугалим болуп иштеген Д. аттуу аял "экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып берем" деп 50 миң сом пара талап кылганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 13-август күнү Д.С. аттуу мугалим 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан