Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 13-август күнү болжол менен саат 16:05 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 378-чакырымында катталган. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Howo оор жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Тилекке каршы, окуя болгон жерден минивендеги 3 адам каза болгон.
Кайгуул кызматы тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.