УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин карамагына өткөнүн бүгүн, 14-августта билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы баасы 15 миллион сомдон ашкан коомдук тамактануу жайы бар, аянты 0,10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Учурда башка мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.