Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге уткан коңшу өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов МАИ унаасын сүзүп алды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Мушкер мамлекет алтын медаль утканы үчүн берген Tahoe унаасын элдин курчоосунан айдап чыгууга аракет кылган. Бирок мушкер жол тандабаска жакшы көнө албай, жолдун жээгинде токтоп турган МАИ унаасын сүзүп алган.
Бул окуя боюнча азырынча расмий комментарий боло элек.
Баходир Жалолов Париждеги Олимпиада оюндарында алтын медаль уткандан кийин бул анын акыркы Олимпиадасы экенин жарыялаган.