Өзгөндө эки бир тууганды аёосуз сабаган жаран 3 айдан кийин кармалды (видео)

Ош облусунун Өзгөн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 16:00 чамасында Өзгөндүн Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу 1987-жылы туулган Н. О. шериктери менен бирге ээн таладан 29 жана 27 жаштагы бир туугандарды өз ара пикир келишпестиктен аёосуз сабашкан.

Натыйжада 29 жаштагы З. уулу Б. денесинен оор жаракат алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 37 жаштагы Н. О.го издөө жарыяланган. Ал бүгүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылды.

Эки бир тууганды аёосуз сабаган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан