Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-август күнү борбор калаада жайгашкан тигүүчү цех жана жатаканалар текшерүүгө алынып, анда мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн 92 чет өлкөлүк аныкталган. Алардын 68ине тиешелүү протоколдор түзүлүп, Бишкек шаарынын райондук сотторуна жөнөтүлгөн.
"Ошондой эле тез жеткирүү сервисинде мотоциклдер менен иштеген 10 чет элдик жаран текшерүүгө алынып, 3 мотоцикл унаа токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.