КРнын Дзюдо федерациясы дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкийге BMW 520 үлгүсүндөгү автоунаа ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган федерациянын президенти Рыспек Мааткабылов эгер спортчу Азия чемпиондугунун финалына чыкса, автоунаа белек кыларын айткан.
Эске салсак, Таиландда өткөн Азия биринчилигинде Юрий Краковецкий финалга чыгып, утулуп калган. Ошентип, спортчу мелдештин күмүш медалын тагынган. Жыйынтыгында ал Кыргызстандын тарыхында Азия биринчилигинде күмүш медаль тагынган биринчи дзюдочу болгон.