Бостериде 22 жаштагы нарындык жигит көлгө чөгүп кетти

Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылында 22 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ысык-Көл облустук милициясынан SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга 11-август күнү 22 жаштагы жигиттин көлгө чөгүп кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Анын жансыз денеси 12-августта табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.

"Сууга чөгүп кеткен 2002-жылы туулган жаран Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну болгон. Баланын ата-энеси арыз жазуудан баш тартты", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан