Казакстандан кармалган А.Г. жана Х.М. аттуу кыргыз жарандары өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, алар эл аралык издөөдө жүрүшкөн.
"Бул процессте айыпталуучулардын укуктарын коргоо жана алардын юридикалык жардамга болгон муктаждыктары Башкы прокуратура тарабынан камсыз кылынды", - деп айтылат маалыматта.