Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал өлкөнүн улуттук Паралимпиада комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды.
Шахноза Мирзиёева бир күн мурун Instagram баракчасына XVII Жайкы Паралимпиадалык оюндарга Өзбекстандын делегациясын Парижге узатуу аземинен сүрөттөрдү жүктөгөн.
Белгилей кетсек, Шахноза буга чейин өлкөнүн бала бакчаларын көзөмөлдөп келген.