ТИМ кыргыз жарандарына Орусиянын үч облусуна барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Орусиянын үч облусуна барбай турууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Курск облусунда федералдык деңгээлдеги, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

"Буга байланыштуу аталган аймактарга абал турукташканга чейин убактылуу барбай туруу сунушталат", - деп жазылат анда.

Жарандарда зарылдык болсо Орусиядагы элчиликтин +7 (925) 2855047 жана +7 (925) 1155047 номерлери аркылуу жардам же кеңеш алса болору айтылат.

РИА басылмасы жазгандай, украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. Мындан улам Курск, Белгород жана Брянскиге өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан