Тышкы иштер министрлиги АКШда кыргызстандык жаранга кол салуу тууралуу массалык маалымат каражаттарга жарыяланган маалымат боюнча үн катты.
Ага ылайык, учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон инциденттин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынгандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп, машинасын талкалап кетишкени айтылган.