Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдолуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинин Махатма Ганди көчөсүнөн Ростовская көчөсүнө чейинки тротуарды оңдоо иштери башталды.
Жолдун түштүк тарабында эски асфальтын сыйруу, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу сыяктуу негизги иштер жыйынтыкталып, асфальт төшөө пландалууда.
Жолдун түндүк тарабында эски асфальтын сыйруу уланып жатат, учурда бордюр орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат.