Бүгүн, 14-августта Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду.
Кыдыралиева 1928-жылы туулган, ал 96 жашында акка моюн сунду.
Ал Бишкектин чет жакасында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.
"Эл душманы" аталып 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманааалы Айдарбеков, Баялы Исакеев баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бүбүйра Кыдыралиеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.