Чүй облусунуна караштуу Белеводск айылынын тургуну аял кишини бычактап өлтүрүп алган. Ал өзү милицияга байланышып, кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 1956-жылы туулган М.Б аттуу жаран мас абалында М.Р аттуу 66 жаштагы аялды ашкана бычагы менен сайып жиберген. Анын натыйжасында аял жеринде каза болгон.
Бул факт Москва РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.