Чүй облусунун Москва районунда өспүрүмдөрдү мыйзамсыз окутуп келген диний мекеме аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 42 жаштагы жаран эч кандай уруксат кагаздары жок эле менчик үйгө медресе уюштуруп, диний сабактарды өтүп келген. Текшерүү учурунда 22 өспүрүм окутулуп жатканы аныкталган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.