Нарын облусунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын районунун прокуратурасы айыл өкмөт кызматкерлери айылга сатылып алынып жаткан оор техника келбегенине карабастан, подрядчынын банктык эсебине 4 миллион 930 миң сомду мыйзамсыз которушканын аныктаган.
"Аталган техника бүгүнкү күнгө чейин сатылып алына элек, акча кайтарылбаган. Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 4 миллион 930 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Нарын ОИИБине тапшырылган.
Прокуратура бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.