Жалал-Абадда “Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган уюмдун 1972-жылы туулган Р.Б., 1966-жылы туулган М.А., 1970-жылы туулган М.Ш. жана 1980-жылы туулган К.Р. аттуу мүчөлөрү 29-июнда кармалган.
"Бул адамдар буга чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, ошол эле учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес.
Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандар менен экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.