Ысык-Көлдө он өлкөнүн суучулдары машыгып жатат 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ӨКМдин Суучулдар борборунда дүйнөнүн 10 мамлекетинен келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда. Бул туурасында кечээ, 14-августта министрликтин маалымат борбору кабарлады.

Маалым болгондой, Казакстан, Орусия, Сауд Арабия падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливан мамлекеттеринен жалпы 10 суучул келген.

“Окуу-тренингдин жүрүшүндө ӨКМдин окутуучу-суучулдары тарабынан бийик тоолуу аймактагы сууда 30 метр тереңдикке чейин түшүү, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, оорулардын алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактар өтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл сайын Кыргызстанга Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алкагында башка өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатында келишет. Тренинг 16-августка чейин өтүп, соңунда дүйнө мамлекеттеринде тааныла турган сертификаттар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан