15-16-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
"Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Тоң райондорунда жана Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда сел жүрүштү күтүлөт", - деп жазылат анда.
Ошондой эле Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда, Талас облусунун Чыңгыз Айтматов, Бакай-Ата, Талас райондорунда жана Ош шаарынын аймактарында сел жүрүп, унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн экени айтылат.