Бүгүн, 15-августта УКМК Кыргызстандын аймагында мамлекеттик мобилдик түзүлүштү идентификациялоо системасын ишке киргизүү жөнүндө билдирүү таратты. Анда мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) - мамлекетке импорттолуучу SIM-карталарды иштетүүчү түзүлүштөрдүн стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан комплекстүү система, ошондой эле мыйзамдарга ылайык колдонулуучу түзмөктөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдарды, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу аракети экендиги белгиленген.
Ошондой эле каттоо үчүн 600 сомдук төлөм смартфондорду импорттоочу ишкерлер тарабынан төлөнөт. Жеке жактар Кыргызстанга жылына 2ден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.
Смартфон чет өлкөдөн алынып келинсе же өлкөдөн тышкары эл аралык базарлардан онлайн заказ кылынса “
www.imei.kg” сайтында катталышы керек.
Аппараттарды өлкөдөн сатып алган адамдар, аны өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик түзмөктөрдү сатып алардан мурун, телефондогу *5656# буйрутмасын терүү, «
www.imei.kg» веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу катталгандыгын текшерүү зарыл.
Токтомдо көрсөтүлгөндөй 25-июнга чейин өлкөдө катталбаган мобилдик түзүлүштөр, 2024-жылдын 16-августунан тартып өчүрүлөт. Байланышта болуу үчүн мобилдик аппараттарды ушул жылдын 15-августуна чейин каттоодон өткөрүү зарыл.