Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга карата 27 мектепти жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул туурасында бүгүн, 15-августта билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, быйыл республикалык бюджеттин негизги капиталына 431 билим берүү объекти киргизилген. Каржылоого 1 миллиард 439 миллион сомдон ашуун каражат каралган.
Ал төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.