Бишкекте баңгизат сатууга шектелип Баткен районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Баткен районунун тургундары баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөнүн аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр бүгүн Бишкек шаарынан колго түшкөн. Hyundai үлгүсүндөсү унаа менен бара жатышкан 51 жана 36 жаштагы жарандардын жанынан салмагы 1 килограмм 991 грамм болгон гашиш баңгизаты табылган.
Милиция алар убактылуу кармоо жайына камакка алынганын белгилеп, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.