Тышкы иштер министрлиги АКШнын Лос-Анжелес шаарында сабалды делген жаран Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок Орусиянын жараны экенин бүгүн, 15-августта билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна ал Орусиянын жараны экенин, кол салуудан орус паспортун жана аскердик билетин, ошондой эле АКШга тиешелүү башка ички документтерин жоготуп алганын айткан. Мындан тышкары жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө иштери жүрүп жатканын жана ага нааразылыгы жок экенин билдирген.
Министрлик учурда жабырлануучу эч кандай каржылык жана башка жардамга муктаж эмес экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп, унаасын талкалап кетишкени айтылган.