Бишкек ЖЭБинде энергетикалык блоктор капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) №3 жана №4 энергетикалык блокторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында бүгүн, 15-августта мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, каптиалдык оңдоо иштерин кытайлык компания жүргүзөт.

“Компаниянын 300дөн ашуун кызматкери ЖЭБдин кызматкерлери менен биргеликте 1-октябрга чейин №3 жана 1-ноябрга чейин №4 энергетикалык блоктордун капиталдык оңдоо иштерин тез арада бүтүрүшү керек. Энергетикалык блоктор 2017-жылдын июль айында орнотулуп, ишке киргизилген. 7 жыл эксплуатациялоонун жүрүшүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ошондой эле агрегаттар чоң жылуулук жана электрдик жүктү көтөргөн, ушуга байланыштуу орнотулган долбоордук кубаттуулуктардын төмөндөшү байкалган. 300 МВттан 220 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө таасирин тийгизет.

Аткарылган иштердин алкагында 300 МВт кем эмес эки энергетикалык блоктор, электр энергиясын жана 300 Гкал/сааттан кем эмес жылуулук энергиясын өндүрүүгө жетишүү зарыл”, - деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, 5 адам жабыркаган. Анда шаар тургундары бир нече күнгө жылуулугу жок жана ысык суусуз калган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан