Эртең, 16-августта күндүз Ысык-Көлдүн, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20 ... +25, күндүз +30 ... +35,
Талас жергесинде түнкүсүн +13 ... +18, күндүз +29 ... +34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20 ... +25, күндүз +32 ... +37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12 ... +17, күндүз ... +26 ... +31,
Нарын дубанында түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +26 ... +31.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +22 ... +24, күндүз +32 ... +34 градус болот.