Бишкек-Ош жолунда бир үй-бүлө кырсыкка кабылды

Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 5:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 103-чакырымында болгон. Анда Honda Odyssey унаасын башкарып бара жаткан 45 жаштагы аял уктап кетип, жолдун четиндеги ташты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу көз жумган. Ал эми унаадагы анын 46 жаштагы жолдошу менен 4 жаштагы кызы жаракат алып, ооруканага кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан