Талас облусунун Сасык-Булак айылында ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Суусамыр-Талас-Тараз жолунда унаасынын кабинасынын үстүнө эки адамды отургузуп алып айдаган жарандын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анын негизинде жол тескөөчүүлөр тасмадагы айдоочуну таап, ага карата протокол түзүп, айып пул салышкан.
Кайгуул кызматы жүк ташуучу унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.