Бүгүн, 16-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 240 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 586 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 403 куб метрди түзүүдө.
Кечээ, 15-августта суунун көлөмү 12 миллиард 224 миллион куб метрди түзгөн болчу.