Бүгүн, 16-августка караган түнү Кыргыз-Кытай чек арасына жакын аймакта жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түндө саат 3:23тө жер силкинип, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркасында, Бедел айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 133 чакырым түштүктө жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.