Министрлик окуучуларга сунуштаган китептердин тизмеси

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулушуна уруксат берилген окуу китептеринин тизмегин сунуштайт.

Тизмекке киргизилген окуу китептери буга чейин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ага караштуу мекемелердин чечимдери менен жактырылып, билим берүү процессинде колдонууга сунушталып келген.

"Тизмек өлкөнүн билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү жана жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фонддорун эске алуу менен өткөөл мезгилдеги тизмек катары түзүлдү. Тизмек азыркы учурда актуалдуу болуп саналган предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык иштелип чыкты", - деп жазылат анда.

Колдонууга сунушталган китептердин тизмесин төмөнкү шилтеме аркылуу билсе болот.

https://edu.gov.kg/media/uploads/2024/08/15/ltdjeh.pdf

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан