Кошумча маалымат берилет.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-августта саат 17:30дар чамасында Кичи-Анги жайлоосунда болгон.
Жерине техникалар бара албагандыктан бүгүн жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы ат менен барары айтылды.
Кошумча маалымат берилет.