Бишкекте мыйзамды бузган чет өлкөлүк жарандарга 742 миң сомдук айып пул салынды

Бишкекте мотоцикл менен жүргөн чет элдик жарандардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында бүгүн, 16-августта борбордук милициянын башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалымдалгандай, 12 чет элдик жаран токтотулуп, алардын мотоциклдери убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Мындан тышкары мыйзамсыз иш жүргүзгөндүгүнө байланыштуу 66 чет өлкөлүк жаран шаардын райондук бөлүмдөрүнө алынып келинип, алардын 14нө мыйзам чегинде протоколдор түзүлдү. Ошондой эле миграциялык эрежелерди бузган 13 чет өлкөлүк жарандын иши сотко жиберилди. Иш-чаранын жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 742 миң сомд айыптар салынды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан