Кыргызстанда паспортту акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын аякташына 15 гана күн калды. Бул туурасында бүгүн, 16-августта Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарга билдирүү таратты.
Маалымдалгандай, өткөрүп жаткан акциянын алкагында бардык жарандар өздөрүнүн эски үлгүдөгү паспортторун жаңы ID-карталарына акысыз алмаштыра алат.
“Паспортту алмаштыруу себептерине карабастан, аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, же бузуу болобу, бардык жарандар үчүн ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө, 1-июлунан тартып 15-июлга чейин 63 251 паспорт алмаштырууга арыз кабыл алынган, алардын ичинен 52 685и ийгиликтүү иштелип чыккан жана берилген”,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-июлда Cанариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясы менен 2004-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картасын 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карталарды алмаштыруу улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялаган.