Капиталдык оңдоону жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап, жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет. Бул туурасында бүгүн, 16-августта Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, быйыл реабилитация боло турган Бишкектеги 6 көчөнүн ичинен, Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады. Шаар мэри Айбек Жунушалиев тарабынан капиталдык оңдоонун жүрүшүндө сапатка жана жумушту белгиленген графикке ылайык аткарууга тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма коюлган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер тууралуу подряддык уюмдарга билдирилип жатат. Айрым медиа каражаттарына жарыяланган кемчиликтер буга чейин муниципалитеттин тиешелүү кызматтары тарабынан аныкталган. Бүгүнкү күндө ал тилкелер көзөмөлгө алынып, алар боюнча иш жүрүп жатат. Август айынын аягына чейин, аныкталган бардык кемчиликтерди жоюу, курулуштун сапатын талапка ылайык келтирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлөт", - деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчиликтер туурасында байланыш номерлерге билдирүү калтырса боло тургандыгы айтылган.
Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).