Кеминде адам өмүрүнө кол салган жаран кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда пикир келишпестиктен улам, мылтык менен бир жаранды аткан шектүү кармалды. Бул туурасында бүгүн, 16-августта Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, талаада К.П. жана К.К. аттуу Кеминдин тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Андан соң К.К. ТОЗ-8 5,6 калибр үлгүсүндөгү мылтык менен кайра талаага барып, К.Пны көздөй атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Милиция жаракат алган жаран учурда ооруканада экендигин билдирип, анын абалын туруктуу деп баалады.

Бул факт боюнча “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылымыш иши козголуп, шектүү кармалган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан