Орусияда издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандын чек арасынан кармалды

Кыргызстан менен Орусиянын Интерпол кызматы, УКМКнын Чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандан башка жакка өтүүгө аракет кылган 1967-жылы туулган Л.В. кармады. Ал мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал интерпол аркылуу 2022-жылдан бери издөөдө болгон.

"Кармалган жаран кемелерди жана катерлерди автоматташтырылган башкаруунун тутумуна кирген аскердик багыттагы жабдыктарды, ошондой эле ракеталык, артиллериялык куралдарды, анын ичинде стратегиялык арналыштагы ракеталык комплекстерди башкарууларды аткезчилик кылган деп айыпталууда. Кармалган жарандын экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 226.1-беренесинде каралган кылмыш боюнча иш козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан