Таласта дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Бишкектен табылды

Таласта изделип жаткан 14 жаштагы Акылай Болотбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип, жакындарына өткөрүлүп берилди.

"Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген" дешти милициядан.

Белгилей кетсек, буга чейин Талас милициясы өспүрүмгө издөө жарыялаганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан