Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери пара менен кармалды 

УКМК тарабынан Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери пара талап кылганга шектелип кармалды.

Атайын кызматтын 17-августта тараткан маалыматына ылайык, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Б.С. жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечкендиги үчүн О.А. аттуу жарандан 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

"14-августта Б.С. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камагына киргизилди.

Ал 2023-жылы шаардык кеңештин спикери болуп турганда подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган. Жыйынтыгында ага кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу менен иш токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан