Кыргызстан коңшу Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта караганда, акыркы 8 айда 4616,6 тонна кулпунай экспорттолгон. Бул өткөн жылга караганда 20,5 пайызга көп.
Ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4 пайызга жогорку болгон.
"Ушул жылдын январь–май айларында өлкөдөн 236 572 тонна, 10,9 миллион даана жана 1 134 метр куб карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 280 тоннага, 7,2 миллион даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн" деп жазылат маалыматта.