Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук сейил бактын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен.

"Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле менчик бала бакча да иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында баасы 54 миллион 859 миң сомду түзгөн жер тилкеси Раззаков мэриясынын балансына кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан