Эртең, 18-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15 ... +20, күндүз +23 ... +28,
Талас жергесинде түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +20 ... +25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18 ... +23, күндүз +28 ... +33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз ... +22 ... +27,
Нарын дубанында түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +24 ... +29.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн +18 ... +20, күндүз +25 ... +27 градус болот.