Ысык-Көл облусунда Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ЖКККБдан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол тескөөчү аталган облуска кызматтык иш сапары менен барып, жол тыгынын жөнгө салып жаткан учурда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берээр замат Бишкекке алынып келинип, Республикалык ооруканага жаткарылып, ыкчам түрдө медициналык бардык жардамдар берилип, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн баардык чаралар көрүлөт", - деп айтылган маалыматта.
Башкармалык бул окуя ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.