Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 3 саатта катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Министрлик жарандарды коопсуз жайда болууга чакырды.
"Электр чубалгыларынан, жарнама такталарынан, бак-дарактардан алыс болуңуздар" - деп айтылат билдирүүдө.