Сигма деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык блогер Арген Керимов YouTube каналынын бриллиант баскычын алды. Бул тууралуу блогер социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Анда ал компаниядан келген бриллиант баскычты көрсөтүп, нан менен майонез жеп белгиледи.
Белгилей кетсек, бриллиант баскыч YouTube каналда 10 миллион катталуучусу бар болгондорго ыйгарылат. Учурда Аргендин каналында 16,9 миллион катталуучу бар.
Анын "Американский психопат" тасмасындагы каармандын мимикасын келиштире туураган видеосу (Sigma) дүйнөгө тараган.