
Нарын облусунун социалдык объектилерине көмүр түшүрүү жумуштары быйыл жылдагыдан бир айга эрте башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдарга жылытуу сезонуна 950 миң тонна көмүр казуу милдети коюлган.
Кендин аймагындагы Чыгыш, Борбордук жана Батыш карьерлеринде топурактарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, көмүрдүн арбын запасы топтолду.
"Быйыл өздүк каражатка сатып алынган 20 Хово-самосвал, 2 экскаватор жана 1 бульдозер ишке тартылды", - деп жазылат анда.